Кыргызстан менен Татарстан кызматташуу боюнча "жол картасына" кол коюшту

Министрлер кабинети 20 Июнь 2025 12:30
6854f3416c332.jpeg
6854f34132e11.jpeg
6854f3410d05d.jpeg
6854f32eeb67a (1).jpeg
6854f341b0ff9.jpeg
6854f330ec465.jpeg
6854f33e1e388.jpeg
6854f33d1c8b7.jpeg
Алдыга
Артка
6854f3416c332.jpeg
6854f34132e11.jpeg
6854f3410d05d.jpeg
6854f32eeb67a (1).jpeg
6854f341b0ff9.jpeg
6854f330ec465.jpeg
6854f33e1e388.jpeg
6854f33d1c8b7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын башчысы раиси Рустам Минниханов менен жолугушту.

Данияр Амангелдиев Рустам Миннихановго президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдашуу сөздөрүн жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк духунда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп, чыңдалып жатканын баса белгиледи. 

Татарстандын башчысы ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча программанын башкаруу комитетинин IX жыйынына жакында жеке катышуусунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. 

Данияр Амангелдиев Татарстан менен инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу байланыштардын келечегин талкуулоого даяр экенин ырастады. 

Өз кезегинде Рустам Минниханов Татарстан менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуунун келечеги кең экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес миссияларын уюштурууну, ошондой эле санариптик жана финансылык кооперацияны жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштады.

Жолугушуунун соңунда КР министрлер кабинети менен Татарстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2025-2027-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду. 

Төраганын биринчи орун басары жана Татарстандын башчысы бул документ эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн натыйжалуу "жол картасы" болоруна ишеним билдиришти.