Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды

Экономика Загрузка... 04 Март 2025 14:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Россиянын Свердлов облусунун делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, россиялык делегацияны облус губернаторунун орун басары Василий Козлов жетектеп келди. Анын курамына аймактын ири өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү кирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Свердлов облусунун ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, тактап айтканда, машина куруу, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, электр техникасы, тоо-кен тармагы, медициналык жабдуулар жана өнөр жай адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөр жай, билим берүү жана технология тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашты.