Кыргызстан менен Швейцариянын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат 19 Март 2025 17:31
485203437_960629839579096_2986343671929912568_n.jpg
480821540_960629859579094_3590796429734016755_n.jpg
480961379_960629919579088_5471622007823894755_n.jpg
480963613_960629826245764_193791354414334428_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары боюнча макулдашуунун долбоорун кароону тездетүү сунушун берди.

Өз кезегинде элчи Оливье Бангертер кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экенин белгилеп, макулдашуунун долбоорун тездетүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.