Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат Загрузка... 19 Февраль 2025 19:04
ARTI4741.JPG
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолукту.

Ведомстводон маалыдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана өнүгүү перспективалары талкууланды.

Саясий жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн олуттуу активдешүүсүн белгилеп, өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууга жана кыргыз-швейцариялык өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө кызыкдар экени ырасталды.

Тараптар ошондой эле 2025-жылдын 22-23-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" аттуу Эл аралык конференциясына швейцариялык делегациянын жогорку деңгээлде катышуусун талкуулашты.