Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын эркин күрөш боюнча улуттук курама командаларынын биргелешкен окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эки өлкөнүн командалары үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында боло турган дүйнө чемпионатына биргелешип даярданышууда.
Биргелешип машыгуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке колдоосу, демилгеси жана аракетинин натыйжасында мүмкүн болду.
Окуу-машыгуу жыйындары Россияда өтүүдө, ага орус спортчулары менен бирге легендарлуу Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн беш жолку чемпиону, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери Хаджимурат Гацалов катышууда.