Кыргызстан менен Россия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 12:12
Без названия.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы консультациялар өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Андрей Плутницкий калк саламаттыгын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Кызматташтыктын негизги багыттары: 

  • эки өлкөнүн саламаттык сактоо системасын шайкеш келтирүү;
  • медициналык жардамдын жаңы түрлөрүн өнүктүрүү;
  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармек жана медициналык буюмдар рыногун жөнгө салуу маселелери боюнча координация;
  • медициналык буюмдардын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү;
  • Россия менен Кыргызстандын алдыңкы медициналык мекемелеринин кесиптик жана илимий өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү.

Консультациялардын жүрүшүндө Эркин Чечейбаев эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. Негизги сунуштардын бири Бишкек шаарында кыргыз-орус достугу ооруканасынын курулушу болду.

«Мындай борбордун түзүлүшү сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жогорулатпастан, Россиянын алдыңкы клиникаларынын катышуусунда кыргызстандык адистерди даярдоо аянтчасына айланат», - деп баса белгиледи Эркин Чечейбаев.

Мындан тышкары, кыргыз тарап медициналык мекемелердин ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну активдештирүүнү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармектерге көз салуу маселелери боюнча биргелешкен ишти күчөтүүнү жана россиялык адистердин катышуусу менен медициналык кадрларды даярдоо боюнча программаларды иштеп чыгууну сунуштады.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жетишилген макулдашуулар медицина жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп каларынан күмөнү жок.