Кыргызстан менен Россия биргеликте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата чыгармачыл акцияларды өткөрөт

Маданият 07 Март 2025 14:50
WhatsApp Image 2025-03-07 at 11.49.09.jpeg
481057845_946227377669019_4722002663667936322_n.jpg
480072970_946227277669029_7115676028139488626_n.jpg
482262312_946227194335704_331256005334459236_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-07 at 11.49.09.jpeg
481057845_946227377669019_4722002663667936322_n.jpg
480072970_946227277669029_7115676028139488626_n.jpg
482262312_946227194335704_331256005334459236_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата чыгармачыл акцияларды өткөрөт. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин Россиянын маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей,

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен жолугуп, маданият жана искусство жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын талкууланды.

Белгиленгендей, жолугунуунун жүрүшүндө чыгармачыл ЖОЖдордун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу, билим берүү программаларын уюштуруу жана окутуучулар менен студенттерди тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий өз ара байланышты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлор жана иш-чаралар каралып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү, тарыхый эстутумду сактоо жана баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында эскерүү иш – чараларын, көргөзмөлөрдү жана чыгармачыл акцияларды өткөрүү пландалды.