Бишкек, 07.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн комплекстик иш-чараларынын алкагында Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган эстелик тактасы ачылды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасынын аскерлери, Ысык-Ата районунун администрациясынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Эрлис Тердикбаев сөз сүйлөп, бул иш-чара жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоого зор салым кошоорун жана аталардын эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгиледи.
Боз-Бармак айылынан Улуу Ата Мекендик согушка 50гө жакын жаран аттанган, алардын жарымынан көбү майданда курман болгон. Бул эстеликтин ачылышы — бул алардын эрдигин эскерүү жана келечек муунга тарыхый мурастарды жеткирүү максатында уюштурулган маанилүү иш-чара болуп саналат.