Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Коргоо министрлигинин 41597 аскер бөлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган спартакиада өткөрүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара 41597 аскер бөлүгү жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, ага райондун жалпы билим берүү мекемелеринен 6 команда катышты.
Спартакиаданын ачылышында 41597 аскер бөлүгүнүн командири полковник Руслан Токолдошев жана Панфилов районунун акими Бекмат Масаидов окуучуларга ийгиликтерди каалашты. Мелдештин жүрүшүндө окуучулар саптык даярдык, физикалык даярдык жана аскердик тартип боюнча күч сынашты. Жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
"Бул иш-чара жаштардын патриоттук духун бекемдөөгө жана Улуу Жеңиштин тарыхын даңазалоого багытталган",-деп айтылат маалыматта.