Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. 25-сентябрда саат 07:20да Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Таш-Кыя айылынан түндүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кадамжай айылынан түндүккө карай 8 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 38 чакырым, Баткен шаарынан түндүк-чыгышка карай 80 чакырым аралыкта катталып, Таш-Кыя айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.