Кыргызстан менен Монголиянын президенттери "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты

Президент 1558 23 Июль 2025 21:02
FB_IMG_1753283100562.jpg
FB_IMG_1753283108974.jpg
FB_IMG_1753283104827.jpg
FB_IMG_1753283103117.jpg
FB_IMG_1753283106924.jpg
FB_IMG_1753283111178.jpg
FB_IMG_1753283113302.jpg
FB_IMG_1753283115049.jpg
FB_IMG_1753283117069.jpg
FB_IMG_1753283118808.jpg
FB_IMG_1753283121261.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1753283100562.jpg
FB_IMG_1753283108974.jpg
FB_IMG_1753283104827.jpg
FB_IMG_1753283103117.jpg
FB_IMG_1753283106924.jpg
FB_IMG_1753283111178.jpg
FB_IMG_1753283113302.jpg
FB_IMG_1753283115049.jpg
FB_IMG_1753283117069.jpg
FB_IMG_1753283118808.jpg
FB_IMG_1753283121261.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын маданий программасынын алкагында бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

“Рух-Ордонун" кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөрдү. Ал лидерлерди кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган "Кыргыз айылы" этнокомплекси менен тааныштырды.

Мындан тышкары, гид мамлекет башчыларына Ысык-Көл жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин түзүлүү тарыхы тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын соңунда ардактуу коноктор улуттук музыкалык аспаптын формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Ошол жерде эле сый көрсөтүү иретинде президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухка комуз белекке берди.