Кыргызстан менен Монголия кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишимин бекитти

Президент Загрузка... 16 Март 2026 18:28
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – 2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат.

Келишимде өткөрүп берүү өтүнүчтөрүн тапшыруу жана кароо тартиби, баш тартуу негиздери, убактылуу камакка алуу, транзит маселелери жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн процесси кайсы стадияда жүрүп жатканына жараша өтүнүчтөрдү аткаруунун өзгөчөлүктөрү каралган.

Келишим өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, эл аралык кылмыш-жаза-укуктук чөйрөдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатындагы кызматташууну чыңдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.