Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Корей–Борбор Азия керектөө товарлары үчүн бизнес аянтчасы – 2025” аталашында ишкердик форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Корей соода жана инвестицияларды өнүктүрүү агенттиги (KOTRA), Кореянын элчилиги жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.
Форум кореялык керектөө товарларын чыгарган компаниялар менен Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүн жолуктуруу максатын көздөдү. Мында коммерциялык сунуштарга, узак мөөнөттүү өнөктөштүктөргө жана корей продукциясынын региондогу рынокторго кеңири чыгышына өбөлгө түзүлдү.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов Кыргызстан менен Корея ортосунда көп жылдан бери калыптанган достук мамилелерди жана алардын динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
“Кыргызстан менен Кореянын байланышы көп жылдардан бери ишенимге жана өз ара колдоого таянат. Биз ар дайым Кореянын технология, инновация жана башкаруу жаатындагы тажрыйбасын жогору баалайбыз. Чындыгында, биздин өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү азыркы жетишкендиктерден кыйла кеңири”, — деди Дамирбек Бикулов.
Форум Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы жемиштүү экономикалык кызматташтыктын жаңы барагын ачууга көмөктөшөт.