Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушууда сунуштады.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, билим берүү жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында төрага эки өлкөнүн экономикалык алакаларын жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Кыргыз-Корей өнүктүрүү фондун түзүү жана кыргызстандык студенттер үчүн билим берүү тармагында атайын квоталарды бөлүү демилгесин көтөрдү.
"Корея Республикасы - Кыргызстандын Азия-Тынч океан аймагындагы ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири. Көтөрүлгөн демилгелер жөн гана сөз бойдон калбай, ар бир сунуш боюнча тийиштүү иштер аткарылат", - деди Марлен Маматалиев.
Өз кезегинде Кореянын вице-спикери Пак Док Хым эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң экенин белгилеп, Корея тарап бардык багыттарда, анын ичинде билим берүү, инновациялык технологиялар жана энергетика тармагында тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.