Кыргызстан жана Казакстан президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документке кол коюлду

Президент 1235 22 Август 2025 14:35
537558455_1317426943725270_1097645137198019294_n.jpg
537075706_1317427037058594_541106197772473969_n.jpg
536663102_1317427160391915_8352448250192335131_n.jpg
533827187_1317426947058603_2848055607524081995_n.jpg
535483407_1317427007058597_1225161664799886315_n.jpg
535851600_1317427107058587_7209069747266128812_n.jpg
535887514_1317427000391931_1874636729663098887_n.jpg
537004642_1317427093725255_2060189328969728821_n.jpg
537464703_1317427140391917_1380370709873160889_n.jpg
537632825_1317427180391913_1878688976417942408_n.jpg
537760201_1317427057058592_2240931863216467429_n.jpg
Алдыга
Артка
537558455_1317426943725270_1097645137198019294_n.jpg
537075706_1317427037058594_541106197772473969_n.jpg
536663102_1317427160391915_8352448250192335131_n.jpg
533827187_1317426947058603_2848055607524081995_n.jpg
535483407_1317427007058597_1225161664799886315_n.jpg
535851600_1317427107058587_7209069747266128812_n.jpg
535887514_1317427000391931_1874636729663098887_n.jpg
537004642_1317427093725255_2060189328969728821_n.jpg
537464703_1317427140391917_1380370709873160889_n.jpg
537632825_1317427180391913_1878688976417942408_n.jpg
537760201_1317427057058592_2240931863216467429_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө» Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

- Кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транзиттик-транспорттук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кыргыз-казак мамилелеринин маселелери боюнча Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими.

- 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы.

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Алматы облусунун акимчилигинин ортосунда Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

- Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы ташылуучу автотранспорт каражаттары жана товарлар жөнүндө меморандум.

- Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда өз ара сооданын алкагында автомобиль транспорту менен ташууларды көзөмөлдөө боюнча навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө меморандум.

- 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.

- Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу.

- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн элчиликтери үчүн Астана жана Бишкек шаарларындагы имараттарды жана жер тилкелерин акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө макулдашуу.

- Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонд менен Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу.

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планы.

- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстан жана Казакстандын жер үстүндөгү радио кызматтары колдонгон 29.7 МГц – 3000 ГГц радио жыштык тилкесинде радио жыштыктарды координациялоо жөнүндө макулдашуу.

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы туризм жаатында кызматташуу боюнча 2025-2026-жылдарга карата иш-чаралар планы.

- Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Казакстандын президентинин Иш башкармалыгынын чарба жүргүзүү укугундагы "Казакстан Республикасынын Президентинин телерадиокомплекси" республикалык мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.