Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү боюнча финалы абдан кызыктуу болот – комментатор

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 18:45
Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү боюнча финалы абдан кызыктуу болот – комментатор
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз жана казак курама командаларынын ортосундагы көк бөрүнүн финалдык беттеши абдан кызыктуу болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине көк бөрү жана көкпар мелдештеринин комментатору Бексултан Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, эки команда тең финалга жакшы даярданганын жана кыргыз командасы учурда жакшы формада.

"Мен эртеңки беттеш абдан кызыктуу болот деп ойлойм, анткени казак спортчулары да жакшы даярдык менен келишти. Менин оюмча, кыргызстандыктар учурда өз жеринде жакшы формада", - деп белгиледи ал.

Бексултан Үсөнов ошондой эле көптөгөн күйөрмандар финалды күтүп жатканын жана трибуналардын колдоосу өзгөчө атмосфера түзөрүн айтты.

"Көк бөрүнүн Кыргызстанда өзгөчө орду бар. Адамдар билеттерди таба албагандыктан, билеттер жөнүндө сурап жатышат. Ошондуктан, эртеңки атмосфера укмуштуудай болот деп ойлойм", - деди комментатор.

Ал буга чейин Астанадагы беттештерди көргөнүн, стадиондогу атмосфера күйөрмандардын аздыгынан улам анчалык деле эмоционалдуу болбогонун кошумчалады.

Көк-бөрү боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосундагы финалы 6-сентябрда өтөт.