Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди

Кырсык 22 апрель 2026 10:00
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн саат 05:26да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Тактап айтканда, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынан түндүктү көздөй 23 чакырым, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 22 чакырым жана Ананьево айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.