Кыргызстан менен Казакстан соода-логистика тармагында кызматташууну кеңейтет - Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 22 Август 2025 16:10
537612840_1317.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өз ара сооданын өсүшүнө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзгөн жагымдуу саясий климат түзүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүүсүндө айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул ирет жолугушууда эки тарап соода көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде өз ара соода товарлардын номенклатурасын кеңейтүү, ошондой эле бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле президент кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу, айыл чарба продукциясын сактоо максатында Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү жана "Алматы – Ысык-Көл" автомобиль жолун куруу сыяктуу биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулганын айтты.

Белгилей кетсек, 21-августта Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен келген. Анын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүүдө.