Кыргызстан менен Катар парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

Жогорку Кеңеш 24 сентябрь 2026 18:25
Кыргызстан менен Катар парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар депутаттык достук топторунун ишин активдештирүүнүн жана эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Марлен Маматалиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле соода байланыштарын өнүктүрүү жана гуманитардык долбоорлорду улантуу боюнча пикир алмашуу болду.