Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Грузиянын Батуми шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар Кыргызстан менен Грузиянын саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңири талкуулашты. Туризм маселелерине, ошондой эле маданий-гуманитардык жана аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки мамлекеттин лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.
Жогорку Кеңеш менен Грузиянын парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган Грузиянын парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилинин Кыргызстанга пландылып жаткан алдыдагы расмий сапарынын маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев Мака Бочоришвилини 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.