Кыргызстан менен Гонконг туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Экономика 16 октябрь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.49.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.57.49.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытай-Гонконг эл аралык соода-экономикалык ассоциациясынын (CHKETIA) вице-президенти Уильям Чан баштаган делегациясы менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Sky Angel Travel (Asia) Limited туристтик компаниясынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мээримбек Койчуманов инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын белгилеп, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Ошондой эле тараптар чет өлкөлүк инвесторлор менен өнөктөштүктү чыңдоо жана өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу маселелерин карашты.

Тараптар Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде туризм, халал тамак-аш өнөр жайы жана ислам каржысы тармактарын талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.