Кыргызстан менен Гаити дипломатиялык мамилелерди түздү

Саясат 26 сентябрь 2026 15:50
Кыргызстан менен Гаити дипломатиялык мамилелерди түздү
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Гаити Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү биргелешкен коммюникеге 25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Гаити Республикасынын тышкы иштер министри Райна Форбен кол коюшту.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.