Кыргызстан менен Габондун ортосунда дипломатиялык байланыштар орнотулду

Президент Загрузка... 24 Сентябрь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Габон Республикасынын президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушту.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер калыптануу жана өнүгүү баскычында экенин белгилешти. Маселен, бүгүн Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Габон Республикасы менен эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда, эки тараптын кызыкчылыктарына жооп берген ар кандай тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Муну тастыктоо иретинде Кыргызстандын президенти Эфиопияда алгачкы элчиликтин ачылышын, ал эми кийинки жылы Египетте элчилик ачыларын мисал келтирди.

Өз кезегинде Габон Республикасынын президенти Брис Клотер Нгема бардык келечектүү багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана негизги долбоорлорду биргелешип илгерилетүүгө ишеним артышты.