Кыргызстан менен Филиппиндин миграция жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 739 03 Февраль 2025 09:13
475526531_1052998703536469_1391084332552999364_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
475526531_1052998703536469_1391084332552999364_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Филиппин мамлекетинин эмгек мигранттары министри Ханс Лео Какдас менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Эр-Риядда өтүп жаткан эмгек рыногу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Сабиров Филиппин өкмөтүнүн эмгек миграциясын жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, "Филиппин тажрыйбасы" жарандарды өнүккөн өлкөлөргө ишке ийгиликтүү даярдоодо жана жөнөтүүдө гана эмес, мигранттардын укуктарын жогорку натыйжалуу коргоодо да үлгү экенин белгиледи.

Буга байланыштуу министр миграциялык процесстерди башкарууда тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү сунуштады.