Мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болушу керек - ЖК төрагасы

Жогорку Кеңеш 4230 07 Апрель 2025 13:30
image1.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баяндама жасап, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду.

Буга чейин аталган жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы да сөз сүйлөп, глобалдык кыйынчылыктар, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү парламенттерге кошумча жоопкерчилик жүктөп жатканын белгилеген.

Ошондой эле төрага мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп, ачык диалог аркылуу социалдык биримдикти жана адилеттүүлүктү чыңдаган чечимдерди кабыл алышы керектигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 150дөй өлкө мүчөлүк кылган Парламенттер аралык бирлик 1889-жылы түзүлгөн. Быйыл Ташкентте бирликтин мааракелик 150-ассамблеясы өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында төрага коңшу жана алыскы Азия, Европа мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилери менен баарлашып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону туулган күнү менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууга кошкон салымы чоң экенин белгиледи.