Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте өткөн “ШКУ+” форматындагы жолугушууда “Маданият жана цивилизациялар” туруктуу форумун түзүп, аны БУУнун кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте Өзбекстандын Хива шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Президент Бириккен Улуттар Уюмунун борбордук координациялоочу ролун сактоо маанилүү экенин белгилеп, аймактык түзүмдөр жергиликтүү шарттарды жана муктаждыктарды эске алуу менен БУУнун аракеттерин толуктап турушу керектигин айтты.
Анын пикиринде, бул формат мамлекеттерди, аймактарды жана эл аралык уюмдарды жалпы күн тартибинин айланасына бириктирип, глобалдык башкаруунун архитектурасын түзүү боюнча диалог жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
“Өлкөлөр менен аймактардын ортосундагы байланыш түйүндөрү канчалык көп болсо, туруктуулук жана өз ара ишеним үчүн негиз ошончолук бекем болот”, — деп жыйынтыктады Өзбекстандын президенти.