Кыргызстан менен Египет дипломаттарга визасыз режим киргизди

Президент Загрузка... 08 Апрель 2026 12:15
дип_паспорт.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул документ аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан. Макулдашууга ылайык, Кыргызстан жана Египеттин жарандары - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүүдө визалык талаптардан бошотулат.

Мында визасыз жүрүү мөөнөтү 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпоого тийиш.