Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү – БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун башчысы Каха Имнадзе менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, тараптар Регионалдык борбордун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын карашты. Ошондой эле алар 27–28-ноябрда Алматы шаарында өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министринин орун басарларынын жылдык жолугушуусуна даярдык маселелерин талкуулашты.
Кыргызстан менен БУУ институттарынын, айрыкча Регионалдык борбордун ортосундагы өз ара кызматташуунун жогорку деңгээли баса белгиленип, превентивдик ишмердүүлүк жана коопсуздук коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы ар тараптуу өнөктөштүктү улантууга даярдык тастыкталды.