Кыргызстан менен Армения жасалма интеллект тармагында биргелешкен ишкана түзүшү мүмкүн

Президент
Кыргызстан менен Армения жасалма интеллект тармагында биргелешкен ишкана түзүшү мүмкүн
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров күн мурун Ереван шаарында Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар экономика, инвестициялар, транспорт, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Атап айтканда, маалыматтык технологиялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жасалма интеллект тармагында биргелешкен ишкана түзүү демилгесин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү белгиленди.