Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат

Коом Загрузка... 25 Июль 2025 09:00
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.07.25 /Кабар/. Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

"Президентибиз Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин көтөрүү, аны заманбап ыкчам кызмат катары өнүктүрүү багытында иштерди аткарып келе жатабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Түштүк Кореядан расмий делегация келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен  Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул көп этаптуу сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы.

Аталган тик учактар Korea Aerospace Industries (KAI) заводунда даярдалып жатат. Катаал жана тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыкталып, жылдын төрт мезгилинде  колдонууга мүмкүн болгон тик учактар авиация жарандык коргонуу, издөө-куткаруу, гуманитардык, медициналык жана көптөгөн пайдалуу максаттарда колдонулат", - деди министр.

Мындай шарттар дүйнөлүк практикада сейрек кездешет. Көпчүлүк өлкөлөр бул деңгээлдеги техниканы жеңилдетилген тартипте сатып ала албайт. Бүгүнкү кабыл алынган чечим, келечектеги чыгымдардын алдын алууга, адам өмүрүн сактоого стратегиялык салым болуп эсептелет.

Өлкөбүздүн коопсуздугуна багытталган инвестициябыз эл үчүн мындан да баалуу жыйынтыгын берет деп терең ишенем”, - деп Ажикеев.