Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында "Өсүү жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын келечеги" аталышында Биринчи Корея-Борбордук Азия бизнес-саммити өтүүдө.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, иш-чара биринчи Корея-Борбордук Азия саммитинин алкагында уюштурулуп, Кореянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, экономикалык уюмдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултууда.
Катышуучулар соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашууда.
Саммитке Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катышууда. Ал Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган биринчи панелдик сессияда сөз сүйлөдү.
"Кыргызстан Корея менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кореялык инвестицияларды экономиканын артыкчылыктуу тармактарына тартууга кызыкдар. Бишкекте KOTRA өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттайбыз жана муну эки өлкөнүн ортосундагы түз ишкердик байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам катары баалайбыз.
Ошондой эле кореялык тараптын Korean Desk түзүү демилгесин колдойбуз жана анын кореялык бизнес менен түз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө багытталган натыйжалуу аянтча катары иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз.
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири саммиттин алкагында Кореянын инфраструктура жана шаарларды өнүктүрүү боюнча корпорациясы менен меморандумга кол коюлушу болду. Мындай өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү кореялык-кыргыз технологиялык өнөктөштүгүнүн жаңы форматын калыптандырууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Саммиттин программасында ошондой эле стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендер жана жеткирүү чынжырлары, өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана логистика боюнча панелдик талкуулар каралган.