Кыргызстан климаттык коркунучтарга туруштук берип, жашыл экономикага багыт алууда

Экономика Загрузка... 05 Декабрь 2025 11:30
85a1332342c49b6498bdfefe1a257a4f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Кыргызстан климаттык коркунучтарга туруштук берип, жашыл экономикага багыт алууда. Бул тууралуу Бишкекте Дүйнөлүк банктын Климат жана өнүктүрүү боюнча улуттук баяндамасынын бет ачарында айтылды.

Иш-чара Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин, тобокелдиктерди жана экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошондой эле климатка туруктуу, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн жол картасын сунуштоого багытталган.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын климатка туруктуулугун күчөтүү багытындагы стратегиялык чараларын белгиледи.

"Кыргызстан – тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз дуушар болууда. Биздин милдет – туруктуу айыл чарба, сууну натыйжалуу колдонуу, жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу. Бул баяндама бизге туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет", - деди ал.

Баяндамада белгиленгендей, өлкөдө суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык жана экстремалдуу жаан-чачындар экономикалык өсүүнү, айрыкча айыл чарбаны жана инфратүзүмдү коркунучка дуушар кылууда. Бул маселелерди чечүү үчүн министрлер кабинети ирригацияны модернизациялоо, климатка туруктуу өсүмдүктөрдү жана мал чарбасын колдоо, энергияны үнөмдүү колдонуу боюнча чараларды көрүүдө.

Кыргызстан "жашыл экономика" программасын 2029-жылга чейин ишке ашырып, мамлекеттик жана жеке секторлорду бириктирүү менен туруктуу, коопсуз жана өркүндөгөн келечек курууну максат кылууда.

Программа энергетика, гидроэнергетика, күн панелдери, ошондой эле суу ресурстарын рационалдуу колдонуу аркылуу өлкөнүн климаттык туруктуулугун жана экономикалык өсүшүн камсыздайт.