Кыргызстан-Казакстан: маданият, билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурат

Президент Загрузка... 22 Август 2025 17:00
DST_6959.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан маданият, билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, президенттер сүйлөшүүлөрдө маданий күндөрдү, биргелешкен концерттерди жана фестивалдарды туруктуу түрдө өткөрүү, билим берүү жана спорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жөнүндө макулдашты.

Ошондой эле Садыр Жапаров жакында эле "Мейкин Азия" эл аралык музыка фестивалына казакстандык өнөрпоздордун катышуусу маданий байланыштарды өнүктүрүүгө зор салым кошуп, көрүүчүлөрдө жагымдуу эмоцияларды жаратканын айтты.

Мындан тышкары, ал Бишкекте Казак киносунун күндөрү жана эки өлкөнүн таланттуу жаштарынын катышуусу менен Үчүнчү жаштар форуму өткөрүлгөнүн белгиледи.

"Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылды.

Бул иш-чаралар аркылуу элдерибиздин достугу жана ынтымагы, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгы бекемделүүдө.

Ал эми бүгүн менин кымбаттуу кесиптешим Касым-Жомарт Кемел уулу менен бирге "Кыргыз-казак-достугунун алтын көпүрөсү" аталган залкар инсандарыбыз Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовдордун Бишкек калаасындагы монументалдык эстелигинин ачылышына катышканы турабыз.

Бүгүн биз кызматташуубуздагы жагымдуу өзгөрүүлөрдү баса белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктүгүбүздү жана союздаштыгыбызды жаңы деңгээлге чыгара алдык деп ишенем.

Баарыңарга маалым болгондой, биздин мамлекеттердин тарыхы бир. Менин оюмча, биздин мамлекеттердин келечеги да бир. Кыргыз менен казак элдери эзелтеден бери өмүрлөш.

Мурасыбыз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз – биздин эң негизги байлыгыбыз, ал эми биздин ынтымагыбыз – боордоштугубуздун ишенимдүү пайдубалы.

Ошондуктан жалпысынан кыргыз-казак ынтымагын мындан ары да бекемдөө жөнүндө макулдашууга жетиштик", - деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, 21-августта Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен келген. Анын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүүдө.