Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын ортосунда көкпар боюнча финалдык оюндар башталды.
Маалым болгондой, көкпарчылардын беттеши 20 мүнөттөн 2 тайм менен өтөт. Көкпарда улакты 3 метр тегерек чийиндин ичине таамай таштоо талап кылынат.
Күйөрмандар көптөн күткөн бул таймаштар - көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу жана маанилүү окуялардын бири болуп саналат.