Кыргызстан ИКАОнун текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү

Коом 13 октябрь 2026 11:45
846738232_1555419919960639_7743886997277411410_n (1).jpg
844966686_1555419929960638_9198019046450365196_n.jpg
846450667_1555420003293964_8223167651981198371_n.jpg
846844137_1555419963293968_8177317269974477564_n.jpg
846966137_1555420013293963_3620724972856781784_n.jpg
848122236_1555419979960633_2314337377953881623_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстан 30-сентябрдан 7-октябрга чейин өткөн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн олуттуу сын-пикирлерсиз аяктады. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Миссиянын алкагында эл аралык эксперттер учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү системасынын натыйжалуулугун жана аны өркүндөтүү боюнча чаралардын аткарылышын баалашты.

Агенттиктин маалыматына ылайык, миссиянын жыйынтыгы өлкөдө авиациялык коопсуздук системасын өнүктүрүү жана ИКАОнун эл аралык стандарттарын сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун тастыктады.