Кыргызстан глобалдык почта тармагында өз позициясын бекемдөөдө

Коом 1045 19 Февраль 2025 13:33
480628590_18055972340030483_3135305698781022214_n.jpg
480839316_18055972343030483_4930762551965165760_n.jpg
480979943_18055972346030483_3506856628967243955_n.jpg
Алдыга
Артка
480628590_18055972340030483_3135305698781022214_n.jpg
480839316_18055972343030483_4930762551965165760_n.jpg
480979943_18055972346030483_3506856628967243955_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" ААК Кыргызстандын атынан Швейцариянын Берн шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк почта бирлигинин почталык эксплуатациялоо кеңешинин жыйынтыктоочу отурумуна катышууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада Дубайда өтө турган UPUCongress`тин алдында почта тармагын өнүктүрүүнүн негизги маселелери, анын ичинде дүйнөлүк почта стратегиясы, бизнес-план, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселери талкууланат.

Кыргызстан глобалдык почта тармагынын келечегин түзүүгө жигердүү катышып, эл аралык кызматташтык, логистиканы өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча демилгелерди илгерилетүүдө. Өлкөнүн сессияга катышуусу почта жана логистикалык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн алдыңкы чечимдерди интеграциялоого умтулгандыгын белгилейт.