Кыргызстан Евробиримдиктин жарандык авиациясынын “кара тизмесинен” чыгары күтүлүүдө

Министрлер кабинети Загрузка... 07 Октябрь 2025 10:45
6jd16583.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Учурда Кыргызстандын улуттук компанияларынын учууларын Европанын аба мейкиндигинде чектөө боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу иштери акыркы этапта. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы- президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Ал белгилегендей, ушул күндөрү Кыргызстандын делегациясы Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселени талкуулоодо.

“Учурда Кыргызстанды Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүп жатат. Жакынкы келечекте Европа асманы кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылары күтүлүүдө”, - деди ал.

Адылбек Касымалиевдин пикиринде, эми өлкө алдында чоң милдеттер турат. Ага аэропортторду модернизациялоону аяктоо, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, Кыргызстанды Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыңдоо жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо иштери камтылат.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары авиация тармак жаңы өнүгүү баскычына чыгып, өлкөдөгү аэропорттор жаңыланып пайдаланууга берилди.