Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Эр-Рияд шаарындагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган, адам өмүрү кыйылып, жай тургундар жаракат алган чабуулдарды кескин айыптайт.
Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстан жарандык жана авиациялык инфраструктурага кол салууларды эл аралык укуктун ченемдерин одоно бузуу жана эл аралык жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч катары баалайт. Мындай аракеттер кырдаалды кооптуу деңгээлде курчутуп, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерине доо кетирет.
Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Сауд Аравиянын Падышалыгынын жетекчилигине, элине жана жарандары жабыркаган башка мамлекеттерге терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайт.
Кыргыз Республикасы бардык чыр-чатактарды жана пикир келишпестиктерди эл аралык укуктун принциптерине жана БУУнун Уставына ылайык, сүйлөшүүлөр аркылуу гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдойт. Ошондой эле бардык тараптарды сабырдуулукка сактанып, кырдаалды ого бетер туруксуздаштыруучу аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.