Кыргызстан дүйнөлүк аренада: Мюнхендеги маанилүү сүйлөшүүлөр

Министрлер кабинети 16 Февраль 2026 15:00
6992b5ffbe56e (1).jpeg
6992b630473d3.jpeg
6992b6185e5f3.jpeg
6992b6009c040.jpeg
6992b6002c980.jpeg
6992b6001d558.jpeg
6992b6000d64e.jpeg
Алдыга
Артка
6992b5ffbe56e (1).jpeg
6992b630473d3.jpeg
6992b6185e5f3.jpeg
6992b6009c040.jpeg
6992b6002c980.jpeg
6992b6001d558.jpeg
6992b6000d64e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Германияга болгон иш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев төмөнкү адамдар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү:

  • Италиянын министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Антонио Таяни;
  • Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман;
  • Сербиянын Европа интеграциясы боюнча министри Неманья Старович;
  • АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли;
  • Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О`Салливан;
  • Европа Борбордук банкынын президенти Кристин Лагард;
  • Европа биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела;
  • ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Хельга Шмид.

Жолугушуулардын жүрүшүндө санкциялар жаатындагы кызматташтык маселелери, ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелери талкууланды.