Кыргызстан Чыгыш Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик каттамга айланат

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 14:27
605623751_25535952029358132_8539337327971947398_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Кыргызстан аркылуу Чыгыш Азиядан Европага чейин эң кыска транзиттик жол өтө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул жөн гана темир жол линиясы эмес – бул Евразия экономикалык картасын өзгөртүүгө жөндөмдүү артерия. Кыргызстан жакында дүйнөлүк логистикалык жана транспорттук тармактын негизги оюнчусуна айланат.

"Бул мегадолбоор зор мүмкүнчүлүктөрдү түзөт: транзиттик кирешелердин өсүшү; экспорттук потенциалды өнүктүрүү; логистикалык хабдардын жана индустриалдык зоналардын пайда болушу; инвестициялардын келиши; коштоочу тармактарды өнүктүрүү – курулуш, металлургия, курулуш материалдары өндүрүшү, тоо-кен өнөр жайы, мамлекеттик-сервистер. Мына ушулардын баары тездик менен ишке ашат. Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык жана узак мөөнөттүү мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал жаңы темир жолун куруу, өлкөнүн транспорттук системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул темир жол линиясы – ири өнөр жай борборлоруна жол ачкан, өндүрүш аймактарын байланыштырган жана өлкөнүн борбордук аймактарынын жаңы экономикалык конфигурациясын түзгөн инфраструктуралык коридор болот", - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров кошумчалагандай, жолдун курулушу бир нече негизги маселелерди чечет:

  • ири көмүр жана өнөр жай аймактарына түз темир жол жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
  • автоунаа маршруттарына альтернатива түзүп, жолдордогу жүктү жана ташуу чыгымын азайтат;
  • ири өндүрүштүк жана тоо-кен ишканалары үчүн логистиканы уюштурууга мүмкүндүк берет;
  • келечектеги өнөр жай зонасы жана кайра иштетүү кубаттуулугу үчүн транспорттук негиз түзөт.