Бишкек, 05.01.26. /Кабар/. Транспорттук-логистикалык процесстерди санариптештирүү Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүүнүн негизги факторуна айланууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Экспорттук борборунун директору Урмат Такиров B5+1 форумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, аймактагы өлкөлөр электрондук документтерди жана чек аралардагы тобокелдиктерди башкаруу тутумдарын киргизүүгө өтүшүүдө, бул жүк ташууларды тездетүүгө, өткөрүү пункттарынан өтүү убактысын кыскартууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.
"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жүк ташуулардын 80-90% чек арадан физикалык текшерүүсүз өтөт, текшерүү чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала жеткиликтүү болгон электрондук документтердин негизинде жүргүзүлөт. Бул логистиканы олуттуу түрдө тездетет жана административдик тоскоолдуктарды азайтат", - деп белгиледи Такиров.
Ал транспорттук логистика маселелери ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, продукциянын коопсуздугу, интеллектуалдык менчикти коргоо жана бажылык башкаруу менен тыгыз байланышта экенин баса белгиледи. Бул багыттардын бардыгы мекемелер ортосунда комплекстүү мамилени жана макулдашылган иш-аракеттерди талап кылат.
Кыргызстанда бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутум (EIS) киргизилүүдө, ал бажы процедураларын башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоону камсыз кылат. Тутум өткөрүү пункттарынын кызматкерлерине жүктөр жана коштоочу документтер тууралуу маалыматтарды алдын ала алууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда айрым процесстер азырынча толук санариптештириле элек жана модернизациялоо уланууда.
Урмат Такировдун айтымында, ар кыл мекемелерде жана региондогу өлкөлөрдө санариптештирүүгө даярдык деңгээли ар башка, ошондуктан реформалар параллелдүү түрдө ишке ашырылууда.
Ошону менен бирге Кыргызстандын бажы кызматында күчтүү IT-команда түзүлгөн, бул андан аркы өзгөртүүлөр үчүн бекем негиз түзөт.
Жакынкы 2-3 жылда санариптик гармониялаштыруунун негизги элементтери ишке ашырылат деп күтүлүүдө. Бул Борбор Азиянын бирдиктүү соода-логистикалык мейкиндигин калыптандырууга карай маанилүү кадам болот.