Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстан учурда азык-түлүктүн алты түрү менен өзүн-өзү камсыз кылып жатканын белгиледи.
Алардын катарында — сүт, картошка, жашылча, кант, эт жана жумуртка бар.
Ошол эле учурда, президенттин айтымында, айрым азыктар дагы деле импорттолуп келет. Кеп ун, мөмө-жемиш жана өсүмдүк майы жөнүндө болуп жатат. Мында бийлик импортко болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн мөмө-жемиш жана өсүмдүк майын өзүбүздөн өндүрүүнү бара-бара жолго коюуну көздөөдө.
Жапаров өлкөнү ун менен толук камсыз кылуу табигый шарттардан улам татаал экенин баса белгиледи.
"Кыргызстан — тоолуу өлкө, аймагынын 94%га жакынын тоолор ээлейт. Калган 6%га жакын гана жердин бир бөлүгүн шаарлар жана калктуу конуштар түзөт", — деди президент.