Кыргызстан баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын жакшыртуу үчүн кошумча каражат алат

Ден соолук 05 Март 2025 16:51
481266862_664485979312107_9099647270788440612_n.jpg
482055008_664485999312105_4276052786228318921_n.jpg
481316645_664486005978771_254409328213373439_n.jpg
Алдыга
Артка
481266862_664485979312107_9099647270788440612_n.jpg
482055008_664485999312105_4276052786228318921_n.jpg
481316645_664486005978771_254409328213373439_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Кыргызстан баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын жакшыртуу үчүн кошумча каражат алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүн, 5-мартта КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЭРӨБ) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) делегациясы менен “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо жана Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу программасын реструктуризациялоо” долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуу протоколго кол коюу менен аяктады.

Белгилей кетсек, бул натыйжага негизделген программа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2024-жылдын 26-декабрындагы №802 токтому менен такталган жана бекитилген 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат жана уникалдуу болуп саналат, анткени каржылоо сапаттык көрсөткүчтөргө жетишүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.