Улуу Британия Россияга болгон кысымын күчөтүүнүн алкагында каржылык түзүмдөргө, анын ичинде Лондондун ырастоосу боюнча, Москва тарабынан учурдагы батыш санкцияларын айланып өтүү үчүн колдонулган кыргызстандык криптовалюталык тармактарга каршы жаңы санкцияларды киргизди. "Кабар" маалымат агенттигине президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөттөрү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкциялар боюнча комментарий берди.
«Январь айында АКШ «Керемет Банкка» каршы санкция киргизип, анын чектөөлөрдү айланып өтүүгө катышы бар деп билдирген. Бирок алар муну тастыктаган бир дагы факты келтире алган жок. Жана келтире алышпайт, анткени мындай фактылар жөн эле жок», - деп белгиледи Садыр Жапаров. Ал Дональд Трамп менен Кир Стармерди экономиканы саясатташтырбоого чакырды.
"Биз экономиканы өз күчүбүз менен көтөрүп жатабыз. Мындай кадамдарды өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалоого болот. Мен ар дайым айтып келем жана дагы бир жолу кайталайм: Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарууга даяр жана аткарып жатат. Бирок мен биздин жарандардын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чалууга жол бербейм. Санкциялык кысымга карабай биз жашап, иштей беребиз", - деген Садыр Жапаров.
Саясий илимдердин доктору, мамлекеттик жана саясий ишмер Токон Мамытов "Кабар" агенттигине берген маегинде санкцияларды колдонуу эрежелери жана бүгүнкү күндө санкциялык саясаттын кандайча өзгөргөнү тууралуу айтып берди.
— Санкциялар кандай аракеттер үчүн жана кайсы эл аралык документтерде каралган?
— Бул Бириккен Улуттар Уюму тарабынан өз убагында кабыл алынып, бекитилген бир катар эл аралык документтер.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары (анын ичинде БУУнун Уставынын VII бөлүмү). БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир катар резолюциялары бардык мамлекеттер үчүн төмөнкүлөргө шектелген уюмдарга, адамдарга жана мамлекеттерге каршы милдеттүү санкцияларды карайт:
- терроризмди каржылоо;
- трансулуттук уюшкан кылмыштуу топторго катышуу;
- адам укуктарын массалык түрдө бузуу.
Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы БУУнун конвенциясы (Палермо конвенциясы, 2000-ж.) Мамлекеттерди уюшкан кылмыштуу топторго катышууну, акчаны адалдоону, коррупцияны жана сот адилеттигине тоскоолдук кылууну кылмыш катары кароого милдеттендирет.
БУУнун коррупцияга каршы конвенциясы (Мерида конвенциясы, 2003-ж.) Коррупциялык схемаларды, акчаны адалдоону, активдерди кайтарууну жана эл аралык кызматташтыкты токтотууга багытталган.
Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенция (1999-ж.) Террористтик аракеттерди каржылоону, алар ишке ашпай калган күндө дагы, кылмыш катары кароону талап кылат.
ФАТФ (FATF, Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу). Бул акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча глобалдык стандарттарды белгилеген өкмөттөр аралык уюм (AML/CFT).
— Демек, эл аралык укук нормаларын бузууларды так аныктаган мындай олуттуу документтердин болушуна карабастан, иш жүзүндө таптакыр башкача болуп жатабы?
— Дүйнөлүк тажрыйбада санкциялар башында укуктук таасир этүү куралы катары каралган. Алар трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмди каржылоого, кирешелерди адалдоого жана эл аралык укук нормаларын бузууга каршы күрөшүү үчүн колдонулган. Бирок, учурда санкциялык саясаттын трансформациясы барган сайын байкалууда — укуктук механизмден саясий кысым көрсөтүү куралына айланууда.
— «Сиз көрсөтүп жаткан мамиле адилетсиз. Эгерде бизге ишенбесеңиздер, анда маалыматтарыңыздарды алып келгиле. Биздин банктар бүт отчеттуулукту көрсөтүүгө даяр»,- деп Садыр Жапаров Дональд Трамп менен Кир Стармерге кайрылуусунда билдирген. Ошондо Батыштын жана АКШнын адилеттүүлүгү жөнүндө кандай сөз кылса болот?
— Негизделген далилдер жок болгонуна карабай, өлкөнүн айрым банктарына бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкциялар киргизилди. Мындай чечимдердин экономикалык жана укуктук логикасы түшүнүксүз бойдон калууда, бул өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да мыйзам ченемдүү суроолорду жаратат. Кыргыз тарап санкцияга кабылган мамлекеттик банктарга карата кызматташууга жана көз карандысыз эл аралык аудитке даяр экенин бир нече жолу билдирген. Бирок, ачык позицияга жана ачык сунуштарга карабастан, санкцияларды демилгелеген тараптардан конкреттүү фактылар жана каршы экспертиза берилген жок.
Адилеттүүлүктөн жана бирдей мамиледен ажыратылган санкция саясаты укуктук механизмден саясий кысымдын каражатына айланат. Бул Борбор Азиянын республикалары сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көз алдында анын легитимдүүлүгүнө шек келтирет жана укуктук жана экономикалык таасирдин куралы катары санкцияга ишенбөөчүлүктү күчөтөт.
— Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү татаал чакырыктар жана өлкөлөр арасындагы бардык башка укуктук маселелер менен талаш-тартыштар кандайча чечилиши керек?
— Бул жагынан Кыргызстан эл аралык укуктун принциптерин карманат, эл аралык келишимдердин алкагындагы милдеттенмелерди сыйлайт жана ачык рыноктор менен өнөктөштүк өз ара аракеттенүү саясатын улантат.
Түз диалог, ачык-айкындуулук, өз ара ишеним жана укуктук объективдүүлүк – туруктуу тынчтыктын жана глобалдык адилеттүүлүктүн негизги шарттары. Акыркы эл аралык окуялар, анын ичинде Аляскадагы дүйнөлүк күч борборлорунун ортосундагы дипломатиялык байланыштар татаал чакырыктар чектөөлөр жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр, дипломатиялык аракеттер жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүү аркылуу чечилерин дагы бир жолу көрсөттү.
Дүйнөгө тоскоолдуктар, бөгөттөр жана санкциялар эмес, оюндун алдын ала болжолдонгон эрежелери жана өлкөлөрдүн эгемендүү тандоосун урматтоо керек. Кыргызстан бардык өлкөлөр менен жана бардык деңгээлде тең укукта, ачык кызматташууга, конструктивдүү диалогго даяр.