Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы менен бир катар маанилүү келишимдерге кол койду

Министрлер кабинети 20 Ноябрь 2025 14:55
691ec98fb2d8f.jpeg
691ec98a89c8a.jpeg
691ec98703acf.jpeg
691ec97dbc980.jpeg
691ec97db23d4.jpeg
691ec978d9ae2.jpeg
691ec9744106d.jpeg
Алдыга
Артка
691ec98fb2d8f.jpeg
691ec98a89c8a.jpeg
691ec98703acf.jpeg
691ec97dbc980.jpeg
691ec97db23d4.jpeg
691ec978d9ae2.jpeg
691ec9744106d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. 

Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорго комплекстүү иштердин жүргүзүлүшү менен тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди. 

“Орточо алганда, акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи 9,0%ды түздү, үстүбүздөгү жылдын башынан бери жогорку экономикалык активдүүлүк сакталып, 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10,0%ды түздү. Учурда Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштүн жогорку темптерин сактоо маанилүү, анткени биз 2030-жылга карата ИДПны жан башына жана ИДПнын көлөмүн 80%дан кем эмес көбөйтүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, индустриялаштыруу, региондук хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика сыяктуу төрт өнүктүрүү векторлору каралганы айтылып бул тармактарда эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү. 

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо программасын ишке ашыруу, энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун күчөтүү сыяктуу тармактарында кызматташуу үчүн бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.