Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Келечекте Кыргызстан социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен өзүн-өзү толук камсыздоого жетишүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде айтты.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүктүн 9 түрүнүн ичинен 6 түрүн толугу менен камсыз кыла баштады. Мурда мунун баарын импорттоп келчүбүз. Келечекте азык-түлүктүн калган 3 түрүн дагы импорттобой, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылууга жетишебиз деген пландар бар", - деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.