Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө айыл чарба продукциясын экспорттоодо

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-04-28 at 07.35.27.jpeg

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Кыргызстан 60тан ашык айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү. Ал эми 2024-жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон.

ЕАЭБге экспорт – 17,1 млрд сомду (51%) түздү.

  • Россияга экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер);
  • Казакстанга экспорт – 7,8 млрд сом (жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер, тоок эти, сүт азыктары;
  • Беларуска экспорт – 1,5 млрд сом (эт-сүт продукциялары, тоют, макарон азыктары);
  • Арменияга экспорт – 13 млн сом (жашылчалар, жаңгактар, эт продукциялары).

Бул көрсөткүчтөр өлкөдө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр болуп саналат.