Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Кыргызстан 60тан ашык өлкөгө айыл чарба продукцияларын экспорттодо. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү алкагында Кытай менен 15 продукция боюнча протоколдорго кол коюлган. Жакында үч продукция боюнча протоколдорго кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, 17 продукция боюнча протоколсуз экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө – 462 ишкана, Кытайга – 37 ишкана, Өзбекстанга – 53, Түркия – 12, Евробиримдикке – 68 ишкана реестрге киргизилип, 60тан ашык продукциянын түрү 60тан ашык өлкөгө экспорттолууда”, - деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал белгилегендей, министрлик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Евробиримдиктин аймагында кыргыз балын сатууга уруксат алынды.