Кыргызстан 2030-жылга карата ИДПны жан башына $4,5 миң жеткирүүнү көздөйт

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 16:00
69a1512aa38bd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2030-жылга карата Кыргызстан калктын жан башына болгон ички дүң продукциянын көлөмүн 4 500 АКШ долларына жеткирүү максатын көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы биздин өнүгүү багытыбызды аныктаган стратегиялык документ болуп саналат.

“Кыргызстан жакынкы жылдары күчтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, социалдык жактан туруктуу мамлекет болууга тийиш экендигин так түшүнүүбүз абзел. 2030-жылга карата биз алдыбызга конкреттүү багыттарды койдук. Калктын жан башына түшкөн ички дүң продукциянын көлөмүн 4 500 АКШ долларына жеткирип, экономиканын жалпы көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес камсыз кылуубуз зарыл. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө жана адамдык өнүгүү индекси боюнча позициябызды 10 пунктка жогорулатууга ниеттенип жатабыз”, — деди мамлекет башчысы.