Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Кыргызстан 2026-жылы Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрө баштады.
Бүгүн “Ынтымак Ордодо” юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.
Жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өттү. Анын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Ысык-Көл эл аралык форуму Кыргызстандын тарыхында маанилүү окуя болуп калганы жана кеңири эл аралык таанылууга ээ болгону баса белгиленди. Форум жазуучулар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер үчүн заманбаптын жана адамзаттын келечегинин негизги маселелери талкууланган абройлуу интеллектуалдык аянтчага айланды.
Алгачкы жыйындан 40 жыл өткөндөн кийин, учурдагы глобалдык чакырыктардын шартында юбилейлик форумду өткөрүүнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
“Бүгүнкү күндө дүйнө эл аралык мамилелердин терең кризисин башынан кечирүүдө жана жалпы адамзаттык гуманисттик мамиле аркылуу өнүгүүнүн жолдорун жаңыча түшүнүүгө муктаж. Талкуунун борборунда глобалдык Түндүк менен глобалдык Түштүктүн өз ара аракеттенүүсү, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллекти камтыган технологиялардын тездик менен өнүгүшү маселелери турушу керек. Мындан кырк жыл мурдагыдай эле Ысык-Көл форумуна бүткүл дүйнөгө таанымал ойчулдар, жазуучулар, окумуштуулар жана маданият ишмерлери чогулуп, адамзаттын алдында турган чакырыктарды талкуулап, жалпы келечек үчүн жаңы идеяларды сунушташы керек”, – деп белгиледи Эдил Байсалов.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жыйындын катышуучуларына президенттин буйругуна ылайык, юбилейлик форумду даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, алардын ичинде мамлекеттик органдардын, академиялык коомчулуктун жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү өз сунуштарын айтышып, форумду эң жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.
2026-жылы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүү Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагындагы негизги окуялардын бири болуп, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошору айтылды.